Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Кылмышкердин колунан каза тапкан капитандын сөөгү жерге берилди


14-ноябрда кылмышкердин огунан каза тапкан милициянын капитаны Бакай Сыдыковдун сөөгү бүгүн жерге берилет.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына ички иштер министри Мелис Турганбаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов баштаган шаардык кеңештин депутаттары, маркумдун кесиптештери катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек ШИИБинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, Сыдыковдун үй-бүлөсүнө компенсация бөлүп берүү жана маркумду наамга көрсөтүү маселесин эртең атайын комиссия чечет.

Бакай Сыдыков 14-ноябрда кечки беш жарым чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө кылмышка шектүү жаранды кармоо учурунда атылган октон көз жумган. Сыдыков качып бараткан кылмышкерди бутка атып, жарадар кылууга үлгүргөн. Көп өтпөй кылмышкер коңшуларынын биринин жертөлөсүнөн табылган. Учурда ага Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) боюнча айып тагылды.

Буга чейин куралды, ок-дарыны мыйзамсыз алып жүргөнү, сактаганы үчүн төрт жылга соттолгон Александр Саякин быйыл 11-октябрда түрмөдөн качып чыккандан бери изделип жаткан.

28 жашында курман болгон Сыдыковдун артында эки уулу калды. (МТо)

XS
SM
MD
LG