Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Көпүрөгө берилген ырчынын акчасынын дайыны табылды


Эстрада ырчысы Сыймык Бейшекеевдин Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөгө которгон акчасы кайтарылып, Ош шаарынын банктык эсебине которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сыймык Бейшекеев билдирди.

Ырчыга акчаны кайтаргандар шаар бийлиги алмашкандан кийин мурунку мэрдин командасы тарап кетип, акча ар кимдин колунда калып, убагында чогултулбай калганын айтышкан.

Каражат табылган соң Бейшекеев бул иш боюнча дооматы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазып берди. Ал мындай кадамын каражат ордуна коюлуп, максатына жеткени менен түшүндүрдү.

Өткөн жылы декабрда Оштогу концерттен кийин шаардагы эстакадалык көпүрөнүн курулушуна ырчы Сыймык Бейшекеев 100 миң сом которгон болчу. Бирок ал акча мамлекеттин бюджетине түшпөгөнү тууралуу маалымат тарап, ырчы муну иликтөөнү өтүнүп Ош ШИИБине кайрылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG