Украин президенти Петро Порошенко мамлекетте тынчтык орнотуу үчүн анын өлкөсү жалпы согушка даяр экенин айтты.
Немистердин “Бильд” гезитине курган маегинде Порошенко: “Мен орус аскерлери менен согушуудан коркпойм. Биз жапырт согуштун сценарийине даярбыз. Бирок биз согушту эмес, тынчтыкты каалайбыз жана Европанын баалуулуктарын урматтайбыз. Ал эми Орусия келишимдерди сыйлабайт”,- деди.
Чыгыш Украинада быйыл апрелден бери уланып жаткан орусиячыл жикчилдер менен өкмөт күчтөрүнүн салгылашуусунда 4000дей адам набыт болду. 5-сентябрда тынчтык келишимине кол коюлганы менен атышуулар уланып жатат.
Порошенко украин армиясы мыкты даярдыкта экенин, буга эл аралык коомчулук колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. (SE)