Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Маркум милиционерге наам берүү маселеси талкууланат


Бишкекте 14-ноябрь күнү киши колдуу болгон милициянын капитаны Бакай Сыдыковдун жакындарына жардам берүү жана маркумду мамлекеттик наамга көрсөтүү маселеси бүгүн атайын комиссиянын жыйынында каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Бакай Сыдыков бир ай мурун абактан качып кеткен Александр Саякинди кармоо учурунда кылмышкер аткан октон каза тапкан. Көп өтпөй Саякин кармалган. Ал учурда камакта.

28 жашында курман болгон капитан Бакай Сыдыковдун сөөгү жекшембиде жерге берилди. Артында эки уулу калды. (SE)

XS
SM
MD
LG