Спорт зал Орусияда ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан “Манас ата” кайрымдуулук фонду тарабынан ачылганын “Замандаш” ассоциациясынан кабарлашты. Кыргызстандыктарга таандык аталган фонд мигранттар арасында спорттун түрдүү багыттары боюнча таймаштарды уюштуруп келет.
Самаранын Карбышев көчөсүндөгү жаңы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан спорт залда бокс, кыргыз күрөш жана греплинг боюнча машыгуулар өтөт. (SE)