Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Америкалык миллиардер Жорж Сорос Бишкекке келет


Евразия аймагында расмий сапар менен жүргөн Жорж Сорос бүгүн, 17-ноябрда Бишкекке келип, Борбор Азиядагы Америка университетинин жетекчилиги жана студенттери менен жолугат. Кыргызстандагы “Сорос” фондунун ишмердүүлүгү менен таанышат. Иш сапарынын алкагында бийлик өкүлдөрү менен да жолугушуусу күтүлүп жатканын аталган фонддон билдиришти. Бирок ким менен жолугушаары азырынча так эмес.

Жорж Соростун фонду ачык коом түзүү, демократияны өнүктүрүү максатында дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринде ишмердик жүргүзөт. Соңку 20 жылда аталган фонд аркылуу Кыргызстанга 79 миллион долларлык жардам көрсөтүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG