Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:45

Жогорку Кеңеште Тажикстан менен чектешкен жерге көпүрө куруу келишими жабык каралууда


Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинде Тажикстан менен чек арада көпүрө жана жол куруу боюнча келишим жабык талкууланууда. Маалыматка ылайык, бул келишимди кыргыз-тажик өкмөттөрү ушул жылдын 31-мартында кабыл алган. Анын алкагында Баткен облусунун аймагына узундугу бир чакырымга созулган жол жана Козу-Баглан дарыясына эки көпүрөнү биргеликте куруу макулдашылган. Учурда курулуш жүрүп жатат. Эми Жогорку Кеңеш ал келишимди ратификациядан өткөрүшү зарыл.

Талкуу учурунда депутаттар курулуш тактала элек аймактарда жүрүп жактанын билдирип, кийин көпүрө Тажикстанга өтүп кетпейби деген чочулоосун билдиришти. Өкмөт өкүлдөрү бул көпүрө кыргыз жарандарына керек экенин айтып, жыйынды жабык өткөрүүнү сунуштады. Мындан соң жыйын жабык жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG