Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Президент диний концепцияга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев 2014-2020-жылга чейин диний жааттагы саясат боюнча концепцияга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин концепциянын долбоору өлкөнүн Коргоо кеңешинде жактырылган. Анда дин менен мамлекеттин алакасы так көрсөтүлгөн, диний сабаттуулукту жогорулатуу, диний экстремизмдин жана диний фанатизмдин алдын алуу чаралары каралган. Концепция негизинде өкмөткө 2015-жылдын 1-январына чейин бул тармактагы аткарылчу иштердин планын иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусу менен ар кыл талкуулар өткөрүлмөкчү.

3-ноябрда өткөн Коргоо кеңешининин жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев диний радикалдашууну сындап, аны менен күрөшүү үчүн кескин кадамдар керек экенин билдирген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG