Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Бишкекте волейбол боюнча республикалык мелдеш башталды


Бүгүн Бишкекте СССР эл артисти, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу өлкөнүн волейбол федерациясынан маалымдашты. Маалыматка караганда, турнирге 12 команда катышып, эки топко бөлүнүп ойношууда. Ар бир топтон алдыга чыккан командалар финалдык беттеште жолугушат. Мелдеш 23-ноябрда аяктайт.

Сүймөнкул Чокморов сүрөтчү жана актерлуктан сырткары спорт менен машыгып, волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасында ойногон. Мындан улам бул мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. Былтыр Ысык-Көлдүн “Жаңы-Муун” командасы жеңүүчү болгон.(ECh)

XS
SM
MD
LG