Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимдин долбоорун даярдады. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, келишимдердин долбоору макулдашуу үчүн “Центерра Голдго” жиберилген. Учурда өкмөт канадалык компаниянын жообу күтүп жатат.
Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берген. (BkA/EBM)