Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта поляк дипломаттары өз макамына дал келбеген иштери үчүн Орусиянын аймагынан чыгарылды деп жазылат. Билдирүүдө Польша да орус дипломаттарын өз аймагынан ушундай жүйө менен чыгаргандыгы айтылат. Эки өлкөнүн дипломаттарды чыгаруусу Варшавада болгон тыңчылык чырынан кийин уланды.
Бир ай мурда польшалык атайын кызматтар Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылды деп айыпталган эки кишини кармаган. Прокуратура кармалгандардын бири жогорку даражадагы офицер, экинчиси болсо Польша менен Орусиянын жарандыгы бар киши экендигин билдирген. Бул чыр Варшава менен Москванын украин кризисине байланыштуу ансыз дагы чыңалып турган мамилесин курчутканы айтылууда.