Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:47

Алматыда колледждеги жарылуудан бир окуучу каза болду


17-ноябрь күнү эртең менен Алматынын Мода жана дизайн колледжинде болгон жардыруудан бир окуучу кыз набыт кетип, ондон ашык өспүрүм жаракат алды.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча мектепте аскерий даярдык сабагы маалында окуу куралы катары колдонулуп жаткан граната кокустан жарылып кеткен.

Алматынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгы шаардын ооруканаларына жардыруудан жабыркаган он эки адам түшкөнүн билдирди. Алардын баардыгы 15-16 жаштагы окуучулар. Оор абалдагы беш окуучуга операция жасалган.

Күч структуралары окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG