Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Бишкекте мамлекеттик маалымат концепциясы талкууланат


Бишкекте бүгүн мамлекеттик ачык маалымат концепциясы жана анын өнүктүрүүгө болгон таасири талкууланат. Чет элдик адистер кыргызстандыктарга мамлекеттик маалымат саясатын колдонуу тажрыйбасын бөлүшөт.

“Ачык маалымат күндөрү” деп аталган жыйын эки күнгө созулат. Иш-чараны өкмөт, БУУнун өнүктүрүү программасы жана Дүйнөлүк банк бирге өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруу тобунан кабарлашты.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган мамлекеттик кызматкерлердин жана бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүнүн катышуусунда өтө турган талкууга АКШ, Франция, Орусия, Казакстан, Грузия, Молдова жана Британиядан адистер чакырылган. Жыйын 18-ноябрда “Хаят” мейманкасында башталып, 19-ноябрда “Ак-Кеме” мейманканасында уланат.

Кыргыз өкмөтү 2014-2017-жылдарга жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына электрондук башкаруу системасын киргизүү боюнча программаны бекиткен. “Ачык маалымат күндөрүндө” аны ишке ашырууга жарандарды тартуу маселеси негизги тема болмокчу. (SE)

XS
SM
MD
LG