Ички иштер министри Мелис Турганбаев куралдуу кылмышкерлерди кармоодо ок атууга буйрук берди. Мындай буйрук өткөн аптада кылмышкерди кармоодо милиция кызматкери каза тапкан соң берилди. Бул маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты. Маалыматка караганда, өлкө мыйзамдарында кылмышкер куралдуу каршылык көрсөткөн учурда ага карата ок атууга мыйзам жол берет. Бирок көп учурда милиция кызматкерлери андай ыкманы колдонбой келген.
- Биздин кызматкерлер көп учурда гумандуу мамиле кылып келген. Бирок акыркы окуя кылмышкерлерге карата мамилени күчөтүү керектигин көрсөттү. Анткени биз үчүн ар бир кызматкердин өмүрү кымбат. Ошондуктан министр дал ушундай буйрук берди, - деп билдирди ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов.
14-ноябрда абактан качып кеткен жаран куралдуу каршылык көрсөтүп, андан шаардык милициянын опер-кызматкери Бакай Сыдыгалиев каза болгон эле. (BkA)