Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Өкмөт тыңчылык иши боюнча кызматкерлери качып жүргөнүн төгүндөдү


Алтынбек Муралиев
Алтынбек Муралиев

Кыргыз өкмөтү тыңчылык иши боюнча айрым кызматкерлери качып жүрөт деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары өкмөттүн тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев менен бирге өкмөт аппаратынын бир нече кызматкери айыпталып, алардын айрымдары качып жүргөнүн жазып чыккан эле.

Бирок өкмөт бул иш боюнча Муралиевден башка кызматкерлерге айып тагылбаганын жана учурда башка кызматкерлери сыртка чыкпаганын билдирүүдө.

Алтынбек Муралиев тыңчылык кылган деген кине менен кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына 1-ноябрда камакка алынган. Ага УКМК кызматтык жашыруун сырды чет өлкөгө берген деген берене менен кылмыш иш козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат. Ал мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу.(BkA)

XS
SM
MD
LG