Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Жапон императору Жогорку Кеңештин төрагасын кабыл алды


Жапониянын императору Акихито бүгүн аталган өлкөгө иш сапары менен барган Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековду кабыл алды. Төрага анда императорго Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жана жардам берүү маселелерине жеке өзү көңүл буруп жатканы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын айтты: «Кыргыз Республикасы үчүн Жапония менен кызматташуу артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз Жапониянын Кыргызстанды өнүктүрүүгө катышуусун жогору баалайбыз. Берилип жаткан жардамдар биздин өлкөдө демократияны өнүктүрүүгө, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган жана алар көп тармактуу болууда», - деди Асылбек Жээнбеков. Төрага ошондой эле император Акихито менен анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасына иш сапар менен келип, Кыргызстан эли менен жакындан таанышуусу үчүн мүмкүнчүлүк табыла турганына ишеним артаарын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган топ Жапон парламентинин кеңешчилер жыйынынын президенти Масааки Ямадзакинин чакыруусу боюнча Жапонияга иш сапар менен барды. Бүгүн башталган иш сапар 20-ноябрга чейин созулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG