19-ноябрда айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1..-6, күндүз -1...4,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...4,
Баткен облусунда түнкүсүн -4...1, күндүз 3...8,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3...2, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...2,
Нарын облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...4,
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүз 2...4 градус болот.