Кабулда жан кечтинин жардыруусунан кеминде 4 киши набыт кетти. Ички иштер министрлигинини маалымат катчысы Седик Седикинин айтымында, окуя бүгүн эртең менен чет өлкөлүк жарандар жашаган комплекстин кире беришинде болгон. Жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн жүк ташыган чакан машина дарбазаны сүзгөндө эки кайтаруучу каза тапкан. Андан кийин куралчан адамдар комплекстин ичине кирүүгө аракеттенген.
Полициянын маалыматына ылайык, окуя болгон жерде кол салгандардын экөөнүн сөөгү табылды. Жардыруудан кийин ал жакка ооган армиясынын ыкчам аракеттенүүчү бөлүгүнүн аскерлери жана вице-президент Рашид Достум барды. Талибан кыймылы кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Согушкерлердин өкүлү Забихулла Мужахид чет өклөлүк аскерлердин чалгындоо борборун жардырууну көздөшкөнүн билдирди.