Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Кыргыз балбаны кум үстүндөгү Азия оюндарында байге алды


Кыргыз балбаны Бекболсун Кушубаков ушул күндөрү Таиландда өтүп жаткан кум үстүндөгү Азия оюндарында күмүш байгеге татыды. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында маалымдалган. Маалыматка караганда, Кушубаков 80 кг. салмактан жогоркулар арасында кум үстүндөгү күрөштө тандоо мелдешинде Камбоджа, Катар жана чехиялык балбандарды утуп, жарым финалда сириялык Махер Алхаятты жеңүү менен финалга чыккан. Алтын байге үчүн таймашта Кушубаков ирандык Жабер Садехзадеге жеңилип, экинчи орунду алды

Буга чейин кум үстүндөгү самбодон Артур Те күмүш байгеге тагынган. Ушул кезде кум үстүндөгү Азия оюндарында Кыргызстан медаль алган өлкөлөрдүн катарында 23-орунда келе жатат. Таиланддын Пхукет шаарында 14-ноябрда башталган оюндар 23-ноябрда жыйынтыкталат.(ECh)

XS
SM
MD
LG