Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

"Ислам мамлекети" уюмунун катарында 300дөн ашык казакстандык бар


«Ислам мамлекети» уюмунун катарында Казакстандын 300дөн ашык жараны согушуп жүрөт. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Нуртай Абыкаев билдирди.

Анын айтымында, казакстандыктардан турган «Казак жамааты» деген топ да түзүлгөн. Коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, согушкерлерди колдоо үчүн Сирияга аттангандардын жарымы аялдар. Мекеменин сайтында айтылгандай, атайын кызматтарды радикалдуу көз караштарга жаштарды сугарып, урушка жөнөткөн үгүтчүлөр, интернеттеги материалдардын таасири менен өздөрү радикалдашкан улан-кыздар өзгөчө тынчсыздандырат.

Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышкандардын арасында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын да жарандары бар.

XS
SM
MD
LG