Президент Владимир Путин Батыш өлкөлөрү санкция киргизүү менен “Орусиянын азык-түлүк рыногунан кол жууп калышты” деп билдирди.
“Бирдиктүү Орусия” партиясынын жетектөөсүндөгү "Бүткүл орусиялык Элдик майдан" кыймылынын жыйынында сүйлөгөн президент:” Биз орусиянын айыл чарба секторунда жайгашып алган айрым өнөктөштөрдүн жаңылыш аракеттеринен пайда көрүүдөбүз”, - деди.
Путиндин айтымында, "Санкциялар импорттогу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн жергиликтүү өндүрүштү көтөрүүгө жаңы дем берди".
"Жазалоочу чараларга жооп иретинде санкцияларды колдонууга моралдык жана юридикалык укугубуз бар", - деди орус мамлекет башчысы.
Кыймыл 2011-жылы Путиндин демилгеси боюнча түзүлүп, быйыл июнда саясий структурага айланган.