Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Макаревич сотто жеңди


Москванын Савелов районунун соту музыкант Андрей Макаревичтин “Известия” гезитине жана жазуучу Александр Прохановго каршы доо арызын жарым-жартылай канааттандырды. Судья жазуучудан 500 миң рубль өндүрүү чечимин чыгарды. Проханов апелляциялык арыз бере алат.

“Машина времени” музыкалык тобунун лидери “Известия” гезити жана макаланын автору анын Донбасстагы концерти тууралуу маалыматты төгүндөгөн материал бассын деп талап кылган. “Ырчылар жана бети жоктор” деген макалада Проханов "Макаревич Славянскта украиналык аскерлердин алдында ырдап, Донецкти аткылоого дем берген. Аткылоодон карапайым жашоочулардын каны төгүлгөн" деп жазган. Ал эми ырчы Святогорск шаарында качкын балдарга концерт койгонун кайталап келген.

Буга чейин Макаревич сот өндүргөн акчаны Донбасстагы уруштан жабыркаган балдарга жардам берүүгө которорун айткан.

Август айындагы концерттен кийин орусиялык бир топ коомдук ишмерлер жана саясатчылар Макаревичтин аракеттерин антиорусиялык деп атап, атүгүл музыкантты бардык наамдары менен сыйлыктарынан ажыратууну сунуш кылышкан. Ошондон кийин Орусиянын улам бир шаарында Макаревичтин концерттери үзгүлтүккө учурап келатат. Музыкант президент Путинге ачык кат жолдоп, “ыплас каралоону” токтотууну өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG