Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер 18-ноябрь күнү Киевден Москвага учуп келип, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Украина кризисин талкуулады. Эки тарап тең ок атышпоо боюнча Минск келишимин сактоо зарыл экенин белгилеп, жикчилдер менен расмий Киевди сүйлөшүүлөр аркылуу мындан ары жоготууларга жол койбоого чакырышты.
Штайнмайер президент Владимир Путин менен да жолугуп, бул маселеде сүйлөшкөнү кабарланды. Москвага келерден мурда немис дипломаты Украина президенти Петр Порошенко менен да жолугушкан. (SE)