Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Евробиримдик менен визалык режимди жеңилдетүү талкууланды


Бул тууралуу Брюсселде Евробиримдик жана Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча кеңештин жыйынында сөз жүрдү. Анда өлкөнүн Евробиримдик менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, суу-энергетика, чек ара жана Ооганстандагы абалды жөнгө салуу маселелери талкууланды. Ошондой эле бул биримдикке кирген өлкөлөр менен визалык режимди жеңилдетүүнүн жолдору боюнча да сөз болду. Анын алкагында кыргыз тарап Евробиримдик менен кызматташууну жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Муну менен катар Евробиримдик Кыргызстандын шайлоо системасындагы реформа үчүн 10 миллион евро бөлүп берүүгө макул болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG