Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Ош шаар соту Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарды


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Ош шаардык соту прокурор Канжар Кадыралиевдин баш коргоо чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган соттон кабарлашты. Чечимди чыгарган судья Шералы Камчыбековдун билдиришинче, соттук жараянга Кадыралиев өзү катышкан жок. Прокуратура өкүлдөрү аны тергөөгө келбей жатканын билдиргени үчүн сот аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды.

18-ноябрда Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге кылмыш иш козгоп, камакка алуу чечимин чыгарууну Ош шаардык сотунан өтүнгөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ага Кылмыш кодексинин “бейбаштык”, “опузалоо”, “өзүм билемдик” беренелери боюнча иш козголгон.

Жакында эле өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсү Канжар Кадыралиев башында турган топтун карактоосуна кабылганын коомчулукка жар салган. Бирок Кадыралиев мындай айыптоолорду четке кагып, аны атайлап каралоо аракети деп атаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG