Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:00

Кыз ала качууга шектелгендер камалды


Бишкектин Свердловск райондук милициясы кыз ала качууга шектелген алты жигитти убактылуу кармоочу жайга камады. Аларды камакка алууга 40 жаштагы жергиликтүү айымдын арызы негиз болгон. Шаардык милициядан кабарлашкандай, жигиттер анын сиңдисин ала качкан.

Ошондой эле Токмок шаарында да 18 жаштагы кызды ала качкан беш жигит камакка алынганын Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

2013-жылы өзгөртүлгөн Кылмыш кодексине ылайык, кыз ала качкандар 5 жылдан 10 жылга чейин соттолот. Мурда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин болчу.

Өткөн жылы кыз ала качкандарга байланыштуу 20дан ашуун кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG