Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Өмүр бою кесилгендер үчүн абак ачылды


Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандарга жаңы абак ачылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жайгашкан абактын имараты 2007-жылы курула баштаган. Анын курулушуна 347 миллион сом сарпталды.

Абакта өмүрүнүн акырына чейин кесилген 200 соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөмөкчү. Кыргызстанда буга чейин өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абак жок болчу.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG