Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Зилзала болгон Тоңдогу мектептерде окуу жанданды


Өткөн аптада жер титирөө катталган Тоң районундагы бардык мектептерде окуу жанданды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, зилзаладан соң айрым мектептерде окуу токтотулган. Бүгүнкү күнгө бардык мектептерде окуу жанданып, окуучулардын коопсуздугуна коркунуч жок экенин министрлик кабарлады.

14-ноябрда Ысык-Көл облусунда жер титирөө каталып, анын күчү очогунда, тескей тараптагы Кажы-Сай шаарчасында 7 баллга жеткен. Силкинүүдөн кийин жарандардан турак жайы жабыркаганы тууралуу 2314 арыз түшкөн. Алардын ичинен 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерилип, алар ар кандай даражада жабыркаганы аныкталды. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча зилзал 90 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келди. (BkA)

XS
SM
MD
LG