Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Жогорку Кеңеш Тажикстан менен чек арага көпүрө куруу келишимин жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында Тажикстан менен чек арада көпүрө жана Максат - Кулунду жолун куруу боюнча келишимди биринчи окууда жактырды. Бул келишимди кыргыз-тажик өкмөттөрү ушул жылдын 31-мартында кабыл алган. Анын алкагында Баткен облусунун аймагына узундугу бир чакырымга созулган жол жана Козу-Баглан дарыясына эки көпүрөнү биргеликте куруу макулдашылган. Учурда курулуш жүрүп жатат.

Буга чейин бул көпүрөнүн курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада айрым түшүнбөстүктөр орун алган. (BkA)

​
XS
SM
MD
LG