Ошто кыргыз жана өзбек тилинде “Биз” деген аталыштагы гезит чыга баштады. Аны “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын журналисттери чыгарууда. Гезит жергиликтүү элдин жашоосун, көйгөйлөрүн, чек ара маселелерин чагылдырган макала-кабарларды жарыялап турмакчы. Аталган телерадио компаниядан билдиришкендей, азырынча гезит кыргыз тилинде 1300, өзбек тилинде 1300 нуска менен чыгып жатат.
Ар он күн сайын жарык көргөн бул гезит 2010-жылдагы июнь окуясынан соң чыгып жаткан экинчи эки тилдүү басылма. (BkA)