Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жен Псаки билдирди. Бирок ал кайсы күнү келерин айткан жок. Жон Керри Ирандын ядролук программасы боюнча Венада башталган талкууларга кошуларын кечээ, 19-ноябрда билдирген эле. Бирок Псаки Мамкатчы бейшемби Парижге барганын, Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен жолугарын белгиледи.
Венада алты мамлекеттин катышуусунда өтүп жаткан талкууларда 24-ноябрга чейин Ирандын ядролук программасы боюнча тарыхый келишимге жетишүү негизги максат кылынган. 19-ноябрда Лондонго жасаган визити учурунда Керри талкуулардын натыйжасы тууралуу эч нерсе айта албасын билдирген. (КЕ)