Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму байкоочулар миссиясынын өкүлдөрү Донецкте украин аскерлери тарабынан аткыланганын билдирген. Уюмдун сайтында жазылган маалыматка караганда, шаршембиде байкоочулар эки машина менен Курахово шаарынан Донецк тарапка бараткан. Украин армиясынын белгиси жармаштырылган машинадан бир аскер эки жолу алар тарапка ок чыгарган.
Расмий Киев бул маалыматты четке кагып, муну согушкерлердин чагымы деп айтты. «Биз согушкерлер өз техникаларына украин коопсуздук күчтөрүнүн белгисин коюп атышканын буга чейин да бир нече жолу эскерткенбиз», - деди Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат борборунун өкүлү Андрей Лысенко.
ЕККУнун байкоочулары расмий бийликтин өтүнүчү менен Украинага келишкен. Алар маалымат топтоо, кырдаал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү жана ар кандай мыйзам бузууларды каттоо иштерин жүргүзөт. (КЕ)