Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алар Бишкекте жана Чүй облусунда ишмердик жүргүзгөн. Аталган канаттын мүчөлөрү тыюу салынган уюмдун эл аралык жана аймактагы бөлүктөрү менен байланышты камсыз кылып, калк арасында экстремисттик адабияттарды таратып турган. Канаттын кеңселеринен "Хизб-ут Тахрирдин” идеологиясын камтыган көп сандаган адабияттар, дисктер табылды.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. УКМК жакынкы аралыкта аталган канатка катышы бар адамдар кармалышы күтүлүп жатканын билдирди. (BkA)