Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык алакаларын күчөтүү жолдору талкууланды. Оторбаев быйылкы жылдын жети айында Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5,6 миллион долларды түзгөнүн, бул сан былтыркы жылга караганда 70 пайызга өскөнүн билдирди. Мындан улам эки өлкө ортосунда алаканы күчөтүү ири мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.
Оторбаев Ашхабадга КМШнын премьер-министрлер жыйынына катышуу үчүн барды.
Ушул ай башында Түркмөнстанга президент Алмазбек Атамбаев расмий сапар менен барган эле.(BkA)