Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

АКШ Кыргызстандагы элчилигине талапкер көрсөттү


АКШ президенти Барак Обама АКШнын Кыргызстандагы элчилигине Шейла Гуолтнинин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу АКШнын Ак үйүнүн расмий сайтында кабарланган. Маалыматка ылайык, Гуолтнинин талапкерлиги Сенатка 28-августта жөнөтүлгөн. Аны Сенат карап, бекитиши зарыл.

Шейла Гуолтни 1999-2001-жылдары АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде жооптуу кызматтарды аркалаган. Акыркы учурда бул өлкөнүн Орусиядагы элчилигинде иштеп келген.

Кыргызстандагы буга чейинки элчи Памела Спратлен АКШнын Өзбекстандагы элчилигине сунушталган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG