Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Текебаев кылмыш дүйнөсү менен катышы бар журналисттердин тизмесин түзүүнү сунуштады


“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышы бар журналисттер менен ырчылардын тизмесин түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, өлкөдө кылмыштуу топтордун таламын талашкан журналисттер, ырчылардын тобу пайда болду. Алар кылмыш төбөлдөрүнүн каржылоосу менен ар кыл иш-чараларды өткөрүп, көңүл ачып жүрөт. Текебаев аларга мамлекеттик органдар да ар кыл сыйлыктарды берип жатканын да сынга алды.

"Ата Мекендин" лидери ушундан улам ички иштер министри Мелис Турганбаевге мындай журналисттердин “кара тизмесин” түзүп, алардын атын коомчулук ачык жарыялоону сунуштады.(BkA)

XS
SM
MD
LG