Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

“Ата Мекен” ИИМге спорт клубдарынын ишмердигин текшерүүнү сунуштады


“Ата Мекен” фракциясы Ички иштер министрлигине өлкөдөгү спорттук клубдардын жана күзөт агенттиктеринин кылмыш дүйнөсү менен байланышын текшерүүнү сунуштады. Аталган фракциянын мүчөлөрүнүн жүйөсүндө, мындай жайлардын айрымдарын кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү каржылап, өз таасирине тартууда. Мындан улам фракция министрликке өлкөдөгү спорттук клуб жана күзөт агенттиктеринин кимге таандык экенин жана алардын кылмыш дүйнөсү менен байланышын тез арада текшерип чыгууну тапшырды.(BkA)

XS
SM
MD
LG