Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу тууралуу маселе 23-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында каралат. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ашхабаддагы КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтү Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуу келишиминин долбоорун иштеп чыкты жана 19-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясына жөнөттү. Эми Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр бул долбоор менен таанышып, макулдугун бериши керек.
29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошуу ниетин билдирген.(BkA)