Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17

Керри Ирандын атомдук программасын Парижде талкуулайт


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын тышкы иштер министри Мохамад Жавад Зариф менен Тегерандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышкандан кийин Венадан Парижге аттанды. Керри европалык өнөктөштөр менен талкууга баратат. Анын алдында Британиянын тышкы иштер министри Филип Хаммонд Иран ийкемдүүлүгүн көрсөтсө, көп утушка ээ болот деп айтты.

Кечээ Керри дүйнөлүк державалар мунаса табуу аракетин “биргелешип” көрүп жатышат, бирок ага жетишүү мөөнөтүн 24-ноябрдан ары жылдыруу маселеси каралган жок деп билдирген. Иран уран байытуу процессин кыскартса, Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар жеңилдетилмекчи.

Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштеп атат деген эл аралык коомчулуктун дооматтарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG