АКШ жана шериктери 3 күндүн ичинде “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлерине каршы абадан 30 сокку урду. АКШнын башкы командачылыгы 21-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, 23 сокку Ирактагы буталарга, калгандары Сириянын Кобани шаарынын жанына урулду.
Ал тапта “Ислам мамлекети” уюмунун жоочулары Ирактын батышындагы Анбар чөлкөмүнүн баш калаасы Рамади шаарына чабуул башташты. Жергиликтүү коопсуздук органдарынын жетекчилери согушкерлер шаардын борборун ракеталардан аткылашты. Айланасындагы конуштарда кагылашуулар тутанды. Багдаддан 100 километр алыс орун алган Рамадинин ири бөлүгү согушкерлердин көзөмөлүнө өткөн.