Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сотко кайрылды. Ал сотко өкмөт Бажы биримдиги боюнча маанилүү чечимдерди коомчулук менен талкуулаган жок деген негиз менен арызданды.
- Бардык жарандарга тиешеси бар чечимдерди кабыл алганда өкмөт адегенде эл менен акылдашып, баарын түшүндүрүп берип, анан кабыл алыш керек. Бул мыйзамда жазылган. Бизде андай болгон жок.
Укук коргоочунун арызы 2-декабрда Бишкек шаардык сотунда каралганы жатат. (TSh)