Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

КТРКнын башкы директорун шайлоо өтүүдө


Ушул сааттарда Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору кызматы үчүн шайлоо отүп жатат. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкы директорду жашыруун добуш берүү менен тандайт.

Буга чейин КТРКнын жетекчилигине ат салышуу үчүн Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев документ тапшырган.

Ушул жылдын август айынын башында КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев өз арызы менен ордун бошоткон. Анын ордуна ЭлТРдин мурдагы директору Султан Жумагулов каналдын директорунун милдетин убактылуу аткарууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG