Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Бишкекте Google технологиясы боюнча конференция өтөт

Бүгүн Бишкек шаарында Google технологияларынын өнүгүүсүндөгү соңку жаңылыктар боюнча жыйын болот. Бир күндүк иш-чараны Google Developer Group Bishkek коому уюштурган.

Уюштуруучулар конференцияда компьютердик, IT технологиялар, интернет бизнес тармагындагы "Гуглдын" колдонулушу боюнча сөз болорун маалымдашты.

Иш-чарага негизинен IT адистер катышат. Google технологияларына арналган конференция АКШ, Индия, Германия ж.б. көптөгөн өлкөлөрдө өтүп турат. Кыргызстанда болсо биринчи жолу өтүүдө. Иш-чарага чет өлкөдөн адистер чакырылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG