Кечээ премьер-министр Жоомарт Оторбаев Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.
Алар Швейцариянын жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен Кыргызстанда бир катар долбоорлор ишке ашырылары тууралуу сүйлөштү. Долбоорлордо экологиялык тең салмактуулукту, саламаттыкты сактоо жана айыл жергесиндеги калкты таза суу менен камсыздоо боюнча бир катар иштер камтылган.
Швейцариянын президенти, ЕККУнун учурдагы төрагасы Дидье Буркхальтер Кыргызстанга иш сапар менен кечээ келген. (TSh)