Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

КТРК башчылыгына талапкерлигин эки адам алып салды


КТРКнын башкы директору кызматына ат салышып жаткан Болотбек Тиллебаев менен Космос Чыдынов өз калоосу менен талапкерлигин алып салды.

Экөө тең учурда КТРКнын кызматкерлери. Космос Чыдынов улууларга жол берүү максатында талапкерлигин алганын билдирсе, Болотбек Тиллебаев телерадиокорпорацияда өзүнө карата каралоо болгонунан улам талапкерлигин алганын айтты.

Ушул сааттарда Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору кызматы үчүн шайлоо өтүп жатат. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкы директорду жашыруун добуш берүү менен тандайт. Талапкерлер шайлануу үчүн 10дон ашык добуш алыш керек.

Буга чейин КТРКнын жетекчилигине ат салышуу үчүн Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев документ тапшырган.

Ушул жылдын август айынын башында КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев өз арызы менен ордун бошоткон. Андан бери ЭлТРдин мурдагы директору Султан Жумагулов КТРКнын жетекчисинин милдетин аткарууда. (TSh/EBM)

XS
SM
MD
LG