Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Чоң-Алайда биометрикалык маалыматты жыйноого көп убакыт талап кылынууда


Картөшкө жыйноо өнөктүгүндө жүргөн жана жаӊы эле кир жууп келген кыз-келиндердин бармагынын изи даана түшпөй жатканы биометрикалык маалыматтарды жыйноону татаалдаштырып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чоң-Алай районунун акими Абдилазиз Аширалиев билдирди.

Анын айтымында, дыйканчылык менен алектенген элдин бармагынын изи даана сүрөткө тартылбай жатканы убакытты көп алып, маалыматтарды тез жыйноого тоскоолдук жаратууда. Анткени кир жуугандан колу бышарган аялдардын, картошка терген дыйкандардын бармагынын изин даана алуу үчүн кайра-кайра колду жууганга жана кургатууга көп убакыт кетүүдө.

Чоӊ-Алай районундагы элдин биометрикалык маалыматтарын жыйноого жети жабдуу берилген. Район боюнча он төрт адам элдин биометрикалык маалыматын жыйноого тартылган. Райондогу он алты жаштан жогорку 166 025 адам бар. Учурда алардын ичинен 1479 адамдын биометрикалык маалыматы жыйналган. (YI)

XS
SM
MD
LG