Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:17

КТРКга Султан Жумагулов жетекчи болуп шайланды


Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

КТРКнын башкы директору кызматына Султан Жумагулов 12 добуш менен шайланды. Экинчи турга өткөн Абдыкадыр Султанбаев 2 добуш алды. Жетекчилик кызматка ат салышып жаткан талапкерлердин ичинен экинчи турга 9 добуш менен Султан Жумагулов, 5 добуш менен Абдыкадыр Султанбаев өткөн болчу.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкы директорду жашыруун добуш берүү менен тандашты. Талапкерлер шайлануу үчүн 10дон ашык добуш алыш керек болчу.

КТРКнын жетекчилигине ат салышуу үчүн Султан Жумагулов, Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев жана Назаркул Жоошбаев документ тапшырган.

Ушул жылдын август айынын башында КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев өз арызы менен ордун бошоткон. Андан бери ЭлТРдин мурдагы директору Султан Жумагулов КТРКнын жетекчисинин милдетин аткарып келаткан.

Жетекчилик кызматка жаңы шайланган Султан Жумагулов буга чейин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясын башкарган. Ал 2010-2013-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун жетектеген, андан бир нече жыл мурда Би-Би-Синин кыргыз кызматынын кабарчысы болгон жана башка басылмаларда эмгектенген. (TSh/EBM)

XS
SM
MD
LG