Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Президент чек арада жашагандарга курал алып жүрүүгө укук берген мыйзамга вето койду


Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзүнүн ветосунда бул мыйзам долбоору Башмыйзамга каршы келерин белгилеген. Ага ылайык, бул эң биринчиден каржы маселесине байланыштуу болсо, экинчиден, жөнөкөй атуулдарга ок атуучу курал алып жүрүү укугу Кыргызстандын “Чек ара кызматы тууралуу” “Курал жөнүндө” мыйзамдарында жана Куралдуу күчтөрдүн уставында, ошондой эле башка нормативдик актыларда да бекитилген эмес.

Чек арада жашаган элге курал алып жүрүүгө укук берүүчү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 8-октябрда кабыл алынган болчу. Чек арада жашаган элге курал алып жүрүүгө уруксат берүү демилегси депутаттар тарабынан кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларындагы жана Кытай менен чектешкен аймакта өткөн жылы болгон окуялардан кийин көтөрүлүп, мыйзам долбоору жазылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG