Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Өкмөт Бажы биримдигине кирүүнүн укуктук жагын талкуулайт


Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнө байланыштуу укуктук-нормативдик актылардын долбоору тууралуу экономика министри Темир Сариев маалымат берет. Кыргызстан жогорудагы интеграциялык биримдиктерге кирүү ниетин жыл башында билдирип, бул боюнча "жол картасына" октябрь айында Минск шаарында кол коюлган.

Ошондой эле 24-ноябрда боло турган өкмөттүк жыйында турак-жайды ипотекалык насыялоону өнүктүрүү программасынын долбоору да талкууга алынат. Мындан тышкары министрлер кабинети Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата даярдык, аны уюштуруу жана өткөрүү маселесин да карашат. Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев жетекчилик кылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG