Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

“Баланын курсагын тойгуз” акциясы түштүктө өттү


Аталган акциянын алкагында Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы сегиз балдар үйүнө тамак-аш азыктары берилди. “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Баланын курсагын тойгуз” акциясы октябрь-ноябрь айларында өткөрүлүп, Бишкекте жеке балдар үйлөрүнө жана көп балалуу кедей үй-бүлөлөргө тамак-аш таратылган. Беляевдин айтуусунда кийинки кезекте Каракол шаары турат.

“Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун маалыматы боюнча Кыргызстандагы 66 жеке балдар үйлөрүндө абал оор, тамак-аш жетишсиз.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча Кыргызстанда 330 миң бала тое тамак жебейт. Мамлекет тарабынан ата-энесинин каржылоосу жетишпеген балага ай сайын 495 сом жөлөк пул берилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG